22
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Чек араны бекемдөө жана чек ара аймактарын өнүктүрүү – ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн түзгөн маанилүү бөлүк
«Чек араны бекемдөө жана чек ара аймактарын өнүктүрүү – ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн түзгөн маанилүү бөлүк болуп саналат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын талкуулоо учурунда.
Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында чек ара аймактары үчүн экономикалык жактан стимулдаштырууга өзгөчө чараларды сунуштоо, экономикалык ишмердүүлүктү кеңейтүүгө жергиликтүү калкты бекитүү жана тартуу үчүн социалдык маселелерди чечүү аныкталган.
Сооронбай Жээнбеков аталган Мамлекеттик программаны ишке ашыруучу иш-чаралар Планынын сапатына өзгөчө көңүл бурду.
«Биринчи кезекте – пландаштырылган чаралардын аткарылышын өлчөө индикаторлору жок, анын ичинде күтүлүүчү натыйжалары жок. Иш-чараларды пландаштырууда керектөөчүлөрдүн толук расчету жүргүзүлбөйт, тагыраак айтканда, күнүмдүк кырдаал катталбайт. Жыйынтыгында, эгерде мисалга материалдык-тиричилик шарттарды жакшыртууга чек ара айылдарындагы социалдык чөйрөнүн 100 кызматкерин алсак, анда 5 же 10 кызматкердин керектөөсүн канааттандырганда эле, бул пунктту аткардык деп эсептешет. Экинчиден, Планга финансылык каражаттар менен камсыздалбай турган жана экономикалык негизи жок чаралар киргизилет. Мисал келтирсек, Баткен, Исфана аэропортторун реконструкциялоо, чек ара аймактарындагы калктан жер салыгынан жана коммуналдык кызматтардан 50%га кыскартуу болгон. Үчүнчүдөн, чаралардын аткарылышынын айрым мөөнөттөр 2-3 жылга бөлүнбөстөн берилет. Ошондой эле жалпы республикалык масштабдагы иш-чаралар чек ара аймактарына байланбастан пландаштырылат. Пландаштыруудагы мындай кемчиликтер кийинки планды иштеп чыгууда эске алынууга тийиш. Биринчи кезекте, Экономика жана Финансы министрликтери, Өкмөттүн Аппараты программалык документтердин долбооруна катуу жана принципиалдуу баа бериши керек», — деп белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчы билдиргендей, Мамлекеттик программанын биринчи этабына киргизилген иш-чаралардын Тизмесиндеги бардык пункттар капиталдык салымдардагы объекттерди каржылоо толугу менен аткарылган. Бирок буга карабастан 2013-2016-жылдарга карата иш-чаралар Планын ишке ашырууда бир топ маселелер жатат. Планда каралган 42 пункттун 23 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү 2013-2015-жылы эле бүтүп калган, анын ичинен айрымдары азыркыга чейин тийиштүү деңгээлде аткарылбай келет.
Мунун ичинен чек ара аймактарында калктуу пункттардын мектептерин жалпы билим берүүчү локалдык тармакка кошуу жана камсыз кылуу боюнча так маалыматтар жок.
«Үч жылдын аралыгында чек ара аймактарында калктуу пункттарда туруктуу жашаган жарандарыбызга социалдык кепилдиктерди, жеңилдиктерди жана алардын эмгек стажы жана айлык маянасын эсептөөнүн коэффициентин жогорулатуудагы компенсацияларды берүүнүн бирдиктүү позициясы иштелип чыккан эмес. Мындан тышкары, чек ара аймактарын өнүктүрүү планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча, чек ара айылдарындагы калкты жумуш менен камсыз кылуунун жана жумушсуздарга насыя берүүнүн атайын программасы тууралуу, чек ара кызматташтыктарын жүргүзүүчү зоналарды түзүү жөнүндө конкреттүү маалымат жок», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр белгилегендей, Мамлекеттик программанын жогоруда аталган иш-чараларынын сапатсыз же толук эмес аткарылышынан Өкмөттүн тийиштүү облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана чек арадагы райондордун акимдердин, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин пассивдүү позициясынын натыйжасын көрүүгө болот. Булар биринчи кезекте алардын жоопкерчилигинде турган зоналар, аймактар.
Буга байланыштуу Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Аппаратына Иш-чаралар планындагы пункттар боюнча ар бир аким жана губернатордун отчётторун талап кылууну жана булар тараптан кабыл алынган чараларга талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгы боюнча ар биринин ишине тийиштүү баа берилет.
«Албетте, 2017-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын кабыл алынышы менен жана бүгүн каралып жаткан Мамлекеттик программанын аркасында чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүү жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты. Буга карабастан дагы эле бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Бул биринчи кезекте чек ара аймактарын өнүктүрүүнүн пландаштырууда системалуу мамиле жок. Пландаштырылган иш-чаралар айрым бир чек ара айылдарынын локалдык көйгөйлөрүн гана чечип, бүтүндөй бир регионду өнүктүрүүнүн стратегиясы менен байланыштырылган эмес», — деп белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине чек ара аймактарын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын ишке ашыруунун экинчи этабын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине эксперттик жана методикалык жактан толук жардам көрсөтүүсүн тапшырды.
[su_carousel source="media: 87308,87300"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү