21

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жарандардын айдоочулук укугу боюнча күбөлүктөрдү алуу процесси катуу көзөмөлгө алынат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү толук курамда парламент жыйынында эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктары боюнча профилактикалык иштер, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу, чек ара жана башка маселелер тууралуу маалымат беришет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктары боюнча профилактикалык иштер тууралуу суроолорго жооп берип жатып, статистикага кайрылды. Ага ылайык, 2016-жылдын 8 айынын ичинде республиканын бардык жолдорунда 3667 кырсык катталган (өткөн жылы ушул мезгилге салыштырып алсак, 4418 кырсык катталган). Анын ичинде 567 адам каза болуп, 5690 адам денесинен ар кандай жаракат алган.

Статистика көрсөткөндөй, жол-транспорттук кырсыктарынын башкы себеби болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- айдоочулардын транспорт каражаттарынын ылдамдыктарын жогорулатуусу; - мас абалында машина айдоосу; - чарчагандыктан рулда баратып уктап кетүүсү; - жол белгилерин карабай айдап кетүүсү жана ашып кетүүгө аракет жасаганда каршы жолго чыгып кетүүсү.

«Булардын баары, албетте, Өкмөттүн дагы, дээрлик жалпы коомчулуктун дагы көңүлүн тынчсыздандырбай койгон жок. Ички иштер органдары тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар жетишсиз болууда. Жол кыймылынын эрежелеринин бузулушун фото жана видео каттоолор үчүн аппараттар менен камсыз кылууда финансы каражаттары да жетишсиз болуп жатат. Транспорт каражаттарынын өтө чоң кыймылы катталган участкаларда, ошондой эле өтө көп жол кырсыктары катталган жерлерде комплекстерди орнотуу мындай жол кырсыктарынын кесепетин азайтууга жардам берет. Буга мисал катары Военно-Антоновкада орнотулган комплексти айтууга болот. Бул комплексти орноткондон кийин Жол эрежесин бузуу 80 эсеге азайган. Ал эми жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7 эсеге төмөндөгөн», - деди Премьер-министр.

Азыркы учурда Өкмөт тарабынан мындай комплекстерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин эсебинен сатып алуу жагы караштырылууда. Анын ичинде Бишкек шаардык мэриясы тарабынан комплекстерди сатып алууга 30 млн сом каражат бөлүнүп, шаардын бардык кесилиштерине орнотулганы жатат. Ушундай эле иштер Чүй облусунун райондук администрацияларында да жүргүзүлүп жатат.

«Жол-транспорт кырсыктарынын санын жана анын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакынкы аралыкта Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн штрафтардын көлөмүн көбөйтүү сунушун киргизгени жатат. Бул мыйзам долбоору иштелип чыкты, жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча маселеге токтолуп, Өкмөт башчы бул долбоорду ишке ашыруу чечими кыргыз Өкмөтү тарабынан 2014-жылы кабыл алынгандыгын эскертти.

2014-жылдын 29-августунда тендердик документация жана тендердик комиссиянын курамы бекитилген. Ага жарандык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңешинин ар бир фракциясынан депутаттар, министрликтер жана ведомстволордун кызматкерлери кирген. Натыйжада, 2015-жылдын 27-январында жеңүүчү болуп “Стилсофт Бишкек” компаниясы табылган.

Бирок, Ички иштер министрлигинин демилгеси менен тендерди жараксыз деп табуу боюнча соттук териштирүүлөр башталган. “Стилсофт” компаниясынан жана тендердин башка катышуучуларынан соттук доо арыздар келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө чейин соттук процесстер аягына чыга элек. Буга байланыштуу, Өкмөт тарабынан мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын каражаттарынын эсебинен “Коопсуз шаар” долбоорун этап менен киргизүү боюнча чечим кабыл алынган.

Мындан сырткары, Өкмөттө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия иштейт. Бул комиссия жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга багытталган бардык мүмкүн болгон жолдорду жана методдорду караштырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү