18
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылы жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы менен 118 мамлекеттик ишкана жоюлган
“Мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана эффективдүү башкаруу максатында мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштери жүргүзүлгөн. 1 130 мамлекеттик ишканада талдоо өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы 118 ишкана жоюлду, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду”, - деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциялардын көпчүлүк коалициясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун кароо учурунда билдирди.
Сооронбай Жээнбеков өкмөт тарабынан мамлекеттик менчикти башкаруу системасында өзгөртүүлөр башталганын белгиледи.
“Менеджмент маселелерин эффективдүү жогорулатуу үчүн башкаруу органдарына компаниянын ишин финансылык жакшы натыйжаларга алып келүүчү атайын бонустар системасын иштеп чыгып, аларды ишке киргизүүнү пландаштырууда. 2017-жылдын аягына чейин Өкмөт мамлекеттик мүлктү толугу менен инвентаризациялоо ишин аягына чыгарууну көздөп жатат”, - деди Премьер-министр.
Аймактарды өнүктүрү жана алардын жөндөмдүулүгүн ачуу багытында Сооронбай Жээнбеков сөз кылып, Өкмөт тарабынан региондорду өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынганын жана Концепциянын негизине жаңыча мамиле киргизилгенин билдирди. Анда шаарлар өсүү точкаларына жана региондордун экономикалык өнүгүүсүнүн локомотивине айланаарына токтолду.
“Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективада региондорду адистештирүү пландаштырылууда. Анда тиешелүү өндүрүштүк, айыл чарба жана логистикалык инфраструктураларды, ошондой эле кластерлерди түзүү аркылуу өнүктүрүү каралып жатат. Аталган Концепция өнөр жайды жана энергетиканы өнүктүрүү Концепцияларын кабыл алууга негиз болот”, - деп Өкмөт башчы белгиледи.
Мындан сырткары Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүгү фонду менен биргеликте индустриализация программасын ишке ашыруунун алкагында региондордо айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү керектүү ишканаларды жайгаштыруу боюнча долбоорлор ишке ашырылат деп кошумчалады.
[su_carousel source="media: 92962,92968" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү