20
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылы Кыргызстанда айыл чарбасынын ички дүң продукциясындагы өсүш 3% болду
“2016-жылы Кыргызстанда айыл чарбасынын ички дүң продукциясындагы өсүш 3% болду. Анын ичинен: мал чарбасы боюнча 2,5%га жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча 3,7%га көп өндүрүлдү”, - деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аймактардагы өкүлдөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы күрөшүүгө багытталган атайын техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземинде билдирди.
Атайын автоунаалар Япония өкмөтүнүн, БУУнун азык түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин кызматташтыгынын алкагында сатып алынды. Иш-чара Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында өттү.
Салтанатка Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёшихиро Ямамура, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жана БУУнун азык түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстандагы өкүлү Дорджи Кинлай катышышты.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт айыл чарба тармагы боюнча бир нече ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп, алар жакшы жыйынтыктарды берип жаткандыгын айтты.
“Жергиликтүү дыйкандарга, фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Быйыл жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантып, жыл башынан бери 1,5 миллиард сом ыйгарылды. Бул сумманы 7,0 млрд. сомго жеткирүү каралган”, - деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
Өкмөт башчы мындан сырткары ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ЕврАзЭСтин талаптарына ылайык келтирүү максатында эл аралык сертификациялоо стандарттарына туура келген, заманбап лабораториялардын комплексин түзүү боюнча активдүү иштер болуп жаткандыгын билдирди.
Сооронбай Жээнбеков 2015-жылы кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл таптакыр алынып салынганын жана өсүмдүктөрдөн алынган продукциялардын бардыгын дыйкандар экспортко эркин чыгара алышаарын, ошондой эле аларга эч кандай чек коюлган эместигин эскертти.
Премьер-министр тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана тоют чөптөрүн зыянкечтерден коргоо керектигин өзгөчө баса белгиледи. “Биз өндүргөн продукциянын сапатына, тазалыгына жана товардык көрүнүшүнө да маани беришибиз зарыл болуп турат. Экспорттолгон продукциянын арасынан ар кандай зыянкечтер чыгып калбашы үчүн аракеттерди көрүшүбүз зарыл”, - деп Сооронбай Жээнбеков айтты.
Өкмөт башчы зыянкеч чегирткелер 2008-жылы 157,0 миң гектар жердин өсүмдүктөрүнө зыян келтирсе, 2016-жылы 60,0 миң гектарга жакын жердин өсүмдүктөрүнө зыян келтирип, дыйкандарга миллиондогон чыгымдарды алып келген. Андыктан Япония өлкөсүнүн жана БУУ азык түлүк жана айыл чарба уюмунун долбоорунун алкагында зыянкечтерге каршы экспедициясын изилдөө жана химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүү үчүн берилип жаткан жардам өлкөнүн айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө, дыйкандардын чыгымдарын кыскартууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизери шексиз экенин белгиледи.
[su_carousel source="media: 93166,93167,93168,93169,93170,93171,93172,93173,93174,93175" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү