10
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы айыл жериндеги ичүүчү суу секторуна республикалык бюджеттин эсебинен 200 млн сомго жакын каражат бөлүү каралууда
2017-жылы айыл жериндеги ичүүчү суу секторуна республикалык бюджеттин эсебинен 200 млн сомго жакын каражат бөлүү каралууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясындагы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири.
«Өкмөт акыркы 3 жылдын ичинде ичүүчү суу секторуна өзгөчө көңүл бөлүп, андагы көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча бир катар иш-аракеттерди жасап жатат. 2016-жылы Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки 10 жылдык Стратегиясы кабыл алынды. Буга ылайык, Стратегияны ишке ашыруунун 38 иш-чаралардан турган Иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Азыркы убакта Кыргызстанда жалпы суммасы 13 млрд сом көлөмүндө таза суу долбоорлору (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, 2016-жылдын аягынан тартып башка донорлор (Бүткүл дүйнөлүк банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынын) менен 6 млрдга жакын суммага сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп баштады», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, ошондой эле 2017-жылы айыл жериндеги ичүүчү суу секторуна республикалык бюджеттин эсебинен 200 млн сомго жакын каражат бөлүү пландаштырылууда.
[su_carousel source="media: 89772,89773" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү