31

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы Өкмөттүн социалдык саясаты адамды, үй-бүлөнү колдоого жана мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин камсыздоого багытталат

2017-жылы Өкмөттүн социалдык саясаты адамды, үй-бүлөнү колдоого жана мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин камсыздоого багытталат, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбүдө, 30-январда, Өкмөттүн жыйынында.

Ал социалдык чөйрөнүн негизги милдеттери– сапаттуу жана арзан саламаттык сактоо, заманбап жеткиликтүү билим берүүнү камсыздоо, улуттук маданият жана спортту өнүктүрүү, жарандарга жеткиликтүү турак-жай, киреше алууга шарт түзүү жана алардын социалдык жактан  корголушу экендигин эскертти.

«Бүгүн биз  келечектеги муундарыбыз тууралуу ойлонушубуз керек.  Ыйман, адеп жана маданият жылында биз коомдогу, өзгөчө өсүп келе жаткан муундарды, билимдүү, маданияттуу жана патриоттук сезимдеги Кыргызстандын жарандары катары тарбиялоо маселелери боюнча иштерди активдүү жүргүзүүбүз зарыл», - деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, 2016-жылдагы өлкөнүн социалдык-экномикалык өнүгүүсүн караган Өкмөттүк жыйында.

[su_carousel source="media: 89064,89069"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү