31

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн өзгөчөлөнгөн офицерлерин ысымы жазылган сааттар менен сыйла

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына күжүрмөн  даярдыктагы жана аскердик тартиптеги эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Премьер-министрдин ысымы жазылган сааттар менен төмөнкүлөр сыйланды:

Мамбетов Мурат Сабырбекович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 30630 аскер бөлүгүнүн командири, полковник;

Мырзаканов Уланбек Мамытбекович, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басмаканасынын начальниги, полковник;

Кенжематов Болотбек Абытбекович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы “Бөрү” отрядынын командири, улук лейтенант;

Эркинбаев Санжар Эралиевич, Кыргыз Республикасынын Улуттук Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 30630 аскер бөлүгүнүн командири, полковник;

Медеров Алмаз Тилекович, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза  борборунун директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына күжүрмөн  даярдыктагы жана аскердик тартиптеги эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыяланды:

Косаев Виктор Анатольевич, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 02626 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, полковник;

Дюшенбаева Гүлзар Кудайбергеновна, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин финансы башкармалыгынын бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана автоматташтыруу бөлүмүнүн начальниги, майор;

Касымов Мехмен Ибшалиевич, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын турак-жай пайдалануу башкармалыгынын начальнигинин орун басары, капиталдык курулуш бөлүмүнүн начальниги;

Аккабаков Дамир Орозбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын 701 аскер бөлүгүнүн 2-коменданттык ротасынын командиринин орун басары, улук лейтенант.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү