02

Март

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Исламабад шаарында Пакистандын Премьер-министри Наваз Шариф менен жолукту

Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф менен Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 13-Саммитин алкагында жолукту.

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Пакистанды ОЭС өкүлчүлүгүнөн эстафетаны алышы менен куттуктап, бүгүнкү Саммиттин аянтчасы региондо гана эмес, жалпысынан дүйнөдөгү да экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери боюнча пикир алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.  Пакистан Ислам Республикасы ОЭСтеги өкүлчүлүктүн планкасын дагы бийик көтөрүшүнө, Уюмдун жаңы сапатка чыгышын, эки өлкөнүн гүлдөп өсүшүн жана элдеринин бакубаттыгын көздөгөн бардык багыттардагы практикалык кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгууну камсыз кыларына терең ишенерин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелерге токтолуп, Кыргызстан эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди жана ынак коңшулукту жогору баалап, ушул мамилелерди тереңдетүүгө бардык күч аракетин жумшай турганын билдирди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  учурдан пайдаланып өзүнүн Пакистандык кесиптешин 2017-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форумга келип катышууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков транспорттук коммуникация жана энергетика тармагы кызматташуудагы негизги багыттар экендигин баса белгиледи.

«Деңизге чыгууга мүмкүнчүлугү болбогон - Кыргызстан үчүн транспорттук байланышты өнүктүрүү өтө актуалдуу болуп саналат. Транспорт маселелерин, алганда темир жол куруу боюнча жана аба катамдарды ачуу маселелерди чечүү менен биз соода-экономикалык өз ара мамилелерге, эки тараптын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана туризмге түрткү беребиз. Ошондуктан биз азыр, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз», - деди өкмөт башчысы.

«Кыргыз тарап инфтраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Карачи Гвадар сыяктуу Пакистандын портторуна чыгууна мүмкүндүк алууга кызыкдар», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пакистандын Премьер-министри Наваз Шариф транспорттук инфраструктуралык долбоорлорду талкуулоого даяр экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын географиялык жайгашуусун эске алганда, Кыргызстан менен бул багытта кызматташуу Пакистан үчүн келечектүү болорун да кошумчалады.

Премьер-министр Наваз Шариф 2015-жылы Кыргызстанда болгондо өлкөнүн туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, кооз жаратылыша белгилеп өттү. Ошондой эле Пакистан Кыргызстан менен болгон мамилени тереңдетүүгө кызыкдар экенин жана жеке өзү бул багытта ишти күчөтөөрүн да билдирди.

[su_carousel source="media: 90788,90789,90790,90791,90792" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү