27

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Учурда Өкмөттүн күчү экспортерлорду колдоого багытталууда

«Учурда Өкмөттүн күчү экспортерлорду колдоого багытталууда», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берип жаткан учурда.

Ал азыр продукциясын  экспортко багыттаган ишканаларды колдоого өзгөчө көңул бурулуп жатканын  билдирип, бул максатты ишке ашыруу үчүн экспортерлорго узак мөөнөттөгү насыя берүү маселеси ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

«Эгерде мамлекет тарабынан финансылык колдоо болсо анда ата мекендик өндүрүш тармагында өнүгүү болот. Бүгүнкү күндө  Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фонду көп ишкерлер колдонгон, өндүрүш секторунда ийгиликтүү иштеп жаткан үлгү ишкана катары белгилүү. Ошондой эле көптөгөн кызыктуу жана перспективдүү долбоорлордун финансылык булагына айлана турган кыргыз-кытай өнүктүрүү Фондун түзүү маселеси каралууда. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди Өкмөт башчы.

Бюджеттин киреше бөлүгү азайганына карабай, ЕврАзЭС алкагында бизнести өнүктүрүү үчүн салыктык режимин либералдаштыруу жана ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу уланып жатканын кошумчалады.

Экспортерлор үчүн сатуудан түшкөн товардын, иштин жана тейлөөнү салыгы жокко чыгарылды, 2018-жылдын 1-сентябрына чейин азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн, кирешеден алынган салыкка карата жеңилдиктер сакталат.

 [su_carousel source="media: 93629" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү