02
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү Концепциясынын алкагында Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу каралган
«Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү Концепциясынын алкагында Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу каралган». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Жалал-Абад облусундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.
Өкмөт башчы Сузак районунун Тайгараев жана Төш-Кутчу айылдарын бириктирген жолдун начар абалда экендигин көрдү.
Жергиликтүү тургундар Премьер-министр менен болгон жолугушууда маалымдагандай, аба ырайынын шарттарына жана жолдун начар абалына байланыштуу жаз, күз жана кыш мезгилинде аталган участкадан жол жүрүү токтотулат.
Сооронбай Жээнбеков кырдаал менен таанышып, Транспорт жана жолдор министрлигине аталган маселени иликтеп чыгып, тийиштүү сунушту киргизүүнү тапшырды.
Мындан тышкары Өкмөт башчы Жалал-Абад шаарынын Барпы жана Токтогул көчөлөрүнүн асфальттоо боюнча долбоор менен таанышып, Транспорт жана жолдор министрлигине аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды.
Андан соң Сооронбай Жээнбеков Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөктүн курулушунун долбоору менен таанышты.
Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов маалымдагандай, жер астындагы өтмөктүн узундугу 30,9 метр, туурасы 7,8 метр курулушу каралып жатат.
«Жер астындагы өтмөктөрдү куруу транспорттук агымдын көбөйүшүнөн жана шаардагы автоунаа тыгындарын азайтууга байланыштуу пландалууда. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн 20 млн сомдон ашык каражат керектелет», — деди Салайдин Авазов.
Ал ошондой эле, шаардын борбордук көчөлөрүндө азыр жер үстүндөгү өтмөктөр иштеп жатканын жана мындай курулуш иштерин келечекте да уланарын билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаардык кеңешинин өзүн өзү таркатуусунан улам, шаардын ушул жылдагы бюджети бекитилбей калып, жыйнытыгында айрым долбоорлорду ишке ашыруу кыйынчылык жаратып жатканын эскертти.
Өкмөт башчы жаңыдан шайланган шаардык кеңештин депутаттары биринчи кезекте шаардын бюджетин бекитүү менен алектенерине ишеним артарын билдирди.
[su_carousel source="media: 93959,93960,93961,93962,93963,93964,93965,93967,93968,93969,93970,93971,93972" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү