14

Март

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугуна байланыштуу аларды жоюу жана кайра өзгөртүп түзүү чечими кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун санын оптимизациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр белгилегендей, анын тапшырмасы менен 2016-жылдын августунда Өкмөттүн Аппараты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду биргеликте мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун санын оптимизациялоо боюнча иштерди аткарды.

Өкмөт башчы маалымдагандай, «Электрондук соода аянтчаны түзүү жөнүндөгү» даярдалган токтом долбооруна ылайык, мамлекеттик мүлктү сатуу жана ижарага берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду эмес, он-лайн режиминдеги соода аянтчасында жүргүзүлөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, бүгүнкү күндө көпчүлүк мамлекеттик ишканалар чыгашалуу жана өздөрүнүн негизги уставдук милдеттерин аткарышпайт, алар коррупциялык уюмдун же лоббисттик схемалардын куралы катары иштеп жатышат. Мамлекеттик ишкананын башкы максаты бул - пайда алып келүү экендигине карабастан жыл сайын республикалык бюджеттен каржыланган өлкө мыйзамдарын бузуу менен иштеген ишканалар бар.

Бүгүнкү күндө 114 мамлекеттик ишкананы жоюу жана 63 ишкананы кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мындан тышкары оптимизациялоонун алкагында мамлекеттин үлүшүндөгү ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилеринин ээлеген кызматын ордуна ылайыктуулугу маселеси каралат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, азыркы учурда республика боюнча 1130 мамлекеттик ишкана катталган, анализдин жыйынтыгында анын ичинде - 900 өз милдетин аткарбагандыгы аныкталган, иштегени – 164, 66сы - мамлекеттик мекемелерде кайрадан түзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча кирешеси көп эмес болгон мамлекеттик ишканалар бар, ушундай эле жеке сектордогу ишканалардын пайдасы мамлекеттик компаниялардын көрсөткүчтөрүнө салыштыруу кыйла көп. Учурдагы иштеп жаткан мамлекеттик компаниялардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын санын кыскартуу керек, көпчүлүк мамлекеттик ишканалар кайрадан түзүү, менчиктештирүү же жоюу зарыл», – деп эсептейт ал.

Болсунбек Казаков маалымдагандай, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 33 мамлекеттик ишкананын кирешеси 42,8 млрд сомду түздү, бул республикалык бюджеттин 35% түзөт же республикалык бюджеттин чыгашаларына же Социалдык фонддун жылдык бюджети менен салыштырганда аталган компаниялардын чыгашалары 41,9 млрд сомду түздү. Өлкө бюджетине болгону 364 млн сом которулган. Ал белгилегендей, ишканалардын мындай чыгашалары, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө сезилээрлик суммадагы каражат багыттоого мүмкүнчүлүк бербейт.

Жыйындын соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрликтерге, ведомстволорго жана мамлекеттик органдарга 2017-жылдын 31-мартына чейин ММБФ сунуштаган мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү боюнча анализди иликтеп чыгып, сунуш киргизүүнү тапшырды. Ал эскерткендей, буга чейинки мамлекеттик тармактарды оптимизациялоо иштери аягына чыкпай, логикалык жыйынтыктоого чейин гана жүргүзүлгөнүн, натыйжада жыйынтыктар республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жана жарандык коом үчүн сезилээрлик болгон эмес. Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу боюнча Өкмөттүн иши бир кыйла активдешти, кийинки этапта мамлекеттик мүлктү башкаруунун жаңы усулдары жүзөгө ашырылат.

 [su_carousel source="media: 91316,91317,91318,91319" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү