27
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкө боюнча бардык көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө
«Өкмөт тарабынан ЕАЭБ талаптарына дал келген, эл аралык стандарттарга жооп берген көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берип жаткан учурда.
Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө 4 өткөрүү пункту: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары жана 7 ветеринардык-контролдук пункт: «Кара-Суу» темир жолундагы, «Манас», «Ош» аэропортторундагы пункттар жана «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл-Бел», пункттары жабдылганын билдирди.
Өкмөт башчы кошумча 6 өткөрүү пункту мамлекеттик бюджеттин эсебинен ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн (анын ичинде: (“Ак-Тилек”, “Токмок-Автодорожный”, “Кең-Булуң”, “Ак-жол”, “Чалдовар”, “Чоң-Капка” пункттары бар) кошумчалады.
[su_carousel source="media: 93642,93625" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү