09

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында ардагер Орозбай Исмаиловду Жениш күнү менен куттуктады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапары учурунда Ала-Бука районунундагы Сары-Талаа айылынын тургуну, согуш ардагери Орозбай Исмаиловдун абалынан кабар алып, 9-май - Жениш майрамы менен куттуктады.

Жубайы экөө 8 баланы тарбиялап, өстүргөн  Орозбай Исмаилов быйыл 94 жашка чыгып, Жеңиш майрамын үй-бүлөсү менен кубанычтуу тосуп олтурат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ардагер Орозбай Исмаиловго чың ден-соолук, бакубат карылык каалап, ушул күнгө жеткирген аталардын эрдигине ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков ардагерге Өкмөттүн атынан майрамдык белектерди тапшырып, материалдык колдоо көрсөттү.

Ардагер Орозбай Исмаилов ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан элине, жерине тынчтык каалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү