26
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Экологиялык коопсуздук маселеси түз, же кыйыр түрдө бардык министрлик жана ведомстволорго тийиштүү»
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында 2011-2015-жылдарга Экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу жыйынтыгын талкуулоо учурунда билдирди.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов баяндама жасады.
Ал маалымдагандай, 2011-2015-жылдарга Экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар комплекси өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо максатында иштелип чыккан.
«2011-2015-жылдарга экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар комплекси жаратылыш ресурстарын сактоого жана туруктуу башкарууга багытталган 34 иш-чарадан турат. Көрсөтүлгөн иш-чаралардын көп бөлүгү өз мөөнөтүндө аткарылган. Аткарылбагандардын катарына Улуттук суу стратегиясы долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, Бишкек шаарында таштандыны кайрадан иштетүүчү заводду куруу, Кыргыз Республикасындагы токой ресурстарын биргелешип башкаруу концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу сыяктуу иш-чаралар кирет.
Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар каржылоонун жетишсиздигинен өз мөөнөтүндө ишке ашырылган эмес», – деп маалымдады баяндамачы.
«Экологиялык коопсуздук бардык министрликтер менен ведомстволорго тиешелүү маселе. Бул багытта иштелип чыккан документтерди турмушка ашырууда жоопкерчилик болушу керек. Экологиялык коопсуздук тармагында жаңы концептуалдык документтерди иштеп чыгууда буга чейинки кемчиликтердин баардыгы эске алынышы зарыл», – деди Премьер-министр.
Ал Өкмөт Аппаратына 2011-2015-жылдарга Экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар комплексинин ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тапшырды, ага ылайык, жаңы программалык документтин натыйжалуулугун баалоодо экологиялык коопсуздук маселесин чечүү жаатындагы мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү иштелип чыгуусу тийиш.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү