08
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Бизнеске карата тоскоолдуктарды жоюу боюнча маселелер ыкчам чечимдерди талап кылат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында, бүгүн, 7-июлда, Регулятивдик реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Кеңештин жыйынына мамлекеттик органдардын жана бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
Жыйында регулятивдик реформалоону ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан ишкердүүлүктү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга карата сунуштардын алгачкы пакети каралды.
Регулятивдик реформа жүргүзүүнүн негизги максаты административдик процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана өлкөдө ишкердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.
Өкмөт башчы Сороонбай Жээнбеков белгилегендей, аталган реформа чоң мааниге ээ, анткени, КР 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жана «Саясый жана тутумдук коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгынын алкагында каралган бир катар милдеттерди түздөн-түз чечет.
«Өкмөт ишкердүүлүк жаатындагы мыйзамдарды ревизиялап, негизсиз, мыйзамсыз, бири-бирине карама-каршы келген жана кайталанма укуктук-ченемдик актыларды жоюу боюнча сунуштардын алгачкы пакетин иштеп чыкты. Жүргүзүлүп жаткан регулятивдик реформа атамекендик ишкерлер үчүн реалдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген так, түшүүнүктүү, эң ириде, натыйжалуу иштей турган мыйзам чыгаруу тутумун түзүүгө багытталган» - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов маалымдагандай, регулятивдик реформанын алкагында 192 нормативдик-укуктук актылар жана 97 административдик процедура анализделди жана аларга карата сунуштар иштелип чыкты.
“Бул пландаштырылган штердин аз гана бөлүгү. Келечекте дагы башка сунуштар пакетин бекитүүнү карап чыгышыбыз зарыл. Реформанын жыйынтыгында 1068 нормативдик-укуктук актыларды жана 230 административдик процедураларга сунуштарды карап чыгуу керек”, - деп белгиледи Олег Панкратов.
Ошондой эле ал көрсөтүлгөн сунуштар ишкерлердин өздөрүнүн өндүрүшүн кеңейтүүгө жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө болгон материалдык жана убактылуу тоскоолдуктарын кыскартарын кошумчалады.
Регулятивдик реформа боюнча өткөн жыйын соңунда ишкердикти жүргүзүүнү жөнгө салуу боюнча 192 нормативдик-укуктук актыларга сунуштарды бекитүү сунушу кабыл алынды. Мындан тышкары 97 административдик процедураны жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштамалар кабыл алынды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ишкердик жүргүзүүнү жеңилдетүүгө байланыштуу иш-чаралар ыкчам жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп туруусу зарыл. Ал Өкмөт ишкердик чөйрөнү жакшыртуу максатында мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды кабыл алууга ачык экенин дагы бир ирет баса белгиледи.
Жыйында мурдагы тоскоолдуктарды жоюулушу менен жаңы чакырыктарга жол ачылаары белгиленди. Буга байланыштуу Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков регулятивдик реформаны жүргүзүү иши бизнес чөйрөнүн пикирин эске алуу менен туруктуу негизде ишке ашырылууга тийиш экенин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү