28
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков атамекендик ишкерлерге Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн Сапат боюнча сыйлыгын изденүү сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземине катышты.
Өз сөзүндө Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон атамекендик ишкерлерди колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биз дүйнөлүк жана регионалдык рынокту көлөм менен багындыра албайбыз. Бирок Кыргызстандан чыккан товарлардын сапаты жана уникалдуулугу менен сырткы рынокко чыгууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол үчүн ата мекендик ишкерлердин сапат үчүн жасаган бардык аракеттери дайыма колдоого татыктуу», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр белгилегендей, мындай улуттук сынактарды өткөрүү практикасы 15 жылдан бери жакшы салтка айланып калды. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сапат боюнча сыйлыгынын чен-өлчөмдөрү, сынактын катышуучуларын баалоо ыкмалары эл аралык мамилелерге негизделген.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мындай иш-чаралар ата мекендик ишканаларга өз иштеринин жыйынтыктарын дүйнөлүк мыкты сапат көрсөткүчтөрү менен салыштырууга, атаандаштыкка туруштук берүүнү жогорулатуу жолдорун аныктоого жол ачат.
Өкмөт башчы сынактын жалпы катышуучуларына ыраазычылык билдирип, анын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн Сапат боюнча сыйлыгынын лауреттары болуп таанылды:
- «Кичи ишканалар» аталышы боюнча:
«Эмилия» Жоопкерчилиги чектелген коому (Талас облусу);
- «Орто ишканалар» аталышы боюнча:
“Bear Beer” Жабык акционердик коому (Чүй облусу);
- «Ири ишканалар» аталышы боюнча:
«Бишкек Сүт» Ачык акционердик коому (Бишкек ш.);
Сынакка активдүү катышкандыгы жана сапат тармагында маанилүү жыйынтыктарга жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн сапат боюнча дипломдору менен сыйланды:
- «Кичи ишканалар» аталышы боюнча:
1. Омурканов Б.И. жеке ишканасы, “Эко Дан” ун салдыруу комбинаты ( Ысык-Көл облусу);
2. “Алма компаниясы” Жоопкерчилиги чектелген коому
( Ысык-Көл облусу).
- «Орто ишканалар» аталышы боюнча:
«Ак-Бата» жоопкерчилиги чектелген коому (Чүй облусу);
- «Ири ишканалар» аталышы боюнча:
“Куликовский Кондитердик үйү” Жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек ш.).
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын сапат жаатындагы сыйлыгы продукция сапатын, алардын коопсуздугун, продукцияны өндүрүү шартын сактоосун камсыздоодосу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн талабын канааттандыруусу, жогорку натыйжалуу тутумдарды жана сапат менеджмент ыкмаларын киргизүүсү үчүн ыйгарылат.
[su_carousel source="media: 87696,87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү