03

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер орган кызматкерлерине бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында 2016-жыл жыйынтыгы боюнча ишинен өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерине бир катар өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, милиция кызматкерлеринин натыйжалуу жана кесипкөйлүк менен аткарылган иши баалануга татыктуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Анарбекова Айпери – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекциясынын тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты;

- Асанбеков Ажыбай – Талас облустук ички иштер башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн взводунун тескөөчүсү, милициянын прапорщиги;

- Мурзакматов Рахатбек – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Нарын облусундагы Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Мурзалиев Аскар – Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты;

- Далбаева Нургүл – Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын улук инспектору, милициянын капитаны;

- Жаманаков Тилек Тентиевич  – Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын капитаны;

- Ибраимов Расул Мыктыбекович     –       Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери, милициянын старшинасы.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыяланды:

- Болотбеков Акылбек –   Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын улук оперкызматкери, милициянын капитаны;

- Кошчиев Азат Э      –       Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун бөлүмчөсүнүн командири, милициянын прапорщиги;

- Насиров Уланбек – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын оперкызматкери, милициянын капитаны;

- Осмонов Самат – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук, милициянын полковниги;

- Усубалиев Акжолтой –   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, милициянын майору;

- Анарбаев Турдубек –      Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын подполковниги;

- Элтоев Ильгиз – Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын улук эксперти, милициянын капитаны;

- Осмонов Чингиз  – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Барпы поселкалык милиция бөлүмчөсүнүн жазыктык издөөнүн улук оперкызматкери, милициянын улук лейтенанты;

- Алиев Муслим  –    Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын Башкы инспекциясынын башкы инспектору;

- Курманбаев Нурбек  – Кыргыз Республикасынын ИИМдин жашыруун режим боюнча топтун улук инспектору.

[su_carousel source="media: 89418,89417,89416,89415,89414,89413,89412" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89412,89413,89414,89415,89416,89417,89418"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү