13

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов менен анын миссиясы бүткөндүгүнө байланыштуу жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда, БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУ (ПРООН) өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александр Аванесов менен Кыргызстанда анын миссиясы бүткөндүгүнө байланыштуу жолукту.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Александр Аванесовго БУУ системасынын координатору кызматында турганда Кыргызстандагы ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиз дайыма биздин өлкөнүн досу болуп, тынчсызданып, Кыргызстанды колдоп келдиңиз. Сиз биздин өлкөдө алты жылдан ашык убакыттан бери иштеп, бул аз эмес убакыт аралыгында өлкөнүн бардык аймактарына барып,  ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда активдүү катыштыңыз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, акыркы алты жылда Кыргызстан менен ПОООНдун кызматташтагы жогорку деңгээлге көтөрүлүп, анын алкагында бир катар социалдык-экономикалык маанидеги долбоорлор ишке ашырылды.

«Сиз жетектеп турган мезгилде өлкөдө БУУнун атайын мекемелеринин саны өстү.  ПРООН тарабынан Крыгызстандын демократиялык, социалдык жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө көптөгөн жардамдар берилди», - деди  Сооронбай Жээнбеков.

БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык коомунун жардамысыз ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

«Кыргызстанда жарандык коом абдан мыкты деңгээлде. Мен иштеп турган мезгилде биз бардык Өкмөттүк структуралар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барып, түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда оң натыйжаларга жете алдык», - деди Александр Аванесов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Александр Аванесов менен мындан ары БУУнун экстремизм жана зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча глобалдык программасынын жетекчиси кызматында жигердүү иштешүүгө ишеним артарын билдирип, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эске алуу менен аталган тармактын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 [su_carousel source="media: 96897,96898,96899,96900" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү