13
Август
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Ысык-Көл облусуна болгон бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында маданият жана искусство ишмерлери менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков катышты.
Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан «Витязь» пансионатында өттү.
Өкмөт башчы маданият ишмерлерине чын ден соолук, күч-кайрат, бакубатчылыкты жана чыгармачыл жаңы ийгиликтерди каалады.
Пансионаттын абалы менен таанышкан Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга «Витязь» пансионатында маданият ишмерлеринин толук кандуу жана ыңгайлуу эс алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 101355,101356,101357,101358,101359" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү