15

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидт менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидт менен жолугушту.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки тараптуу өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. «Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер кызматташууну өнүктүрүү үчүн негиз болуп берет. Биз Германия тараптан дээрлик бардык багыт боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоону жана көмөктү жогору баалайбыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидт Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттери аралык кызматташуудагы маанилүү өнөк болуп саналаарына токтолуп, өлкөдөгү сөз жана адам эркиндигинин жогорку деңгээлин, парламентаризмдин жана демократиялык принциптердин өнүгүүсүн канагаттануу менен белгиледи.

Ал Кыргызстанга айыл чарба жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууну талкуулоо максатында үстүбүздөгү жылдын июль айында Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин сапарына удаалаш келип отургандыгын айтты.

Кристиан Шмидт өз ведомствосунун айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен эки тараптын мүмкүндүгү тыкыр талкууланган соң кызматташуу тууралуу биргелешкен документке кол коюуга даярдыгын билдирди. Ал үчүн илимий чөйрө өкүлдөрүн тартуу менен өнөктөштүктүн абалын жана келечегин талкуулоону сунуштады.

Германиянын азык-түлүк жана айыл чарба федералдык министри Кристиан Шмидт Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы чоң мүмкүндүктөрдү белгиледи. Ал айыл чарба продукциясын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө толук кандуу экспорттоо үчүн өлкөдөгү тийиштүү инфрастуранын өнүгүүсүнө ишеним билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан Евробиримдиктин жеңилдиктеринин жалпы тутуму макамына ээ болуусун эске алуу менен Германия менен соода-экономикалык кызматташуусун активдештирүүгө мүмкүндүктөр ачылууда. Буга катар Өкмөт башчы продукцияны тышка экспорттоо үчүн өлкөдөгү тийиштүү инфраструктураны өркүндөтүү маселеси маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле ал маектешинин көңүлүн кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, “жашыл технологиялар Фондун түзүү мүмкүндүгү тууралуу маселеге бурду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү