21
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кассим-Лакха Шамш менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Кыргызстандагы Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кассим-Лакха Шамш менен жолукту.
Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгүнө өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жана бийик тоолуу аймактардагы калктын аярлуу катмарынын турмуш-шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр кыргыз тарап Кыргызстандагы Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгүнүн аймактарда медицина, билим берүү, ирригациялык тармактарды жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу жана башка приоритеттүү багыттарда кызматташкандыгын колдой турганын белгиледи.
Кассим-Лакха Шамш белгилегендей, Кыргызстан Өкмөтү 15 жыл аралыгында Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын өнөгү болуп келе жатат.
Ал белгилегендей, Өкүлчүлүктүн негизги иш чарасы Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин курулушу жана ачылышы болуп саналат, окуу жайы Борбор Азиянын дүйнө жүзүнө таанымал билим берүү жайына айланат. Аталган долбоорду ишке ашырууга 90 млн АКШ долларына жакын каражат жумшалган.
«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында биздин окуу жай алгачкы студенттер үчүн эшигин ачат. Учурдан пайдаланып, үстүбүздөгү жылдын 19-20-октябрында университеттин расмий ачылышына катышууга чакырабыз. Кыргызстан Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосуз университеттин курулушун жыйынтыктоо мүмкүн эмес эле. Аталган окуу жайы сапаттуу билим алууга шарт түзөт деп ишенем», - деп белгиледи Кассим-Лакха Шамш.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгүнүн ишине ийгилик каалап, ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошооруна ишеним билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү