12

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы шайлоолор жана референдумга көз салган КМШ Парламент аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Армениянын Улуттук жыйынынын төрага орун басары Эдуард Шармазанов жетекчилик кылган КМШга мүчө-өлкөлөрдүн  Парламент аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы менен жолугушту.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КМШ Парламент аралык ассамблеясына Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин жана референдумду көзөмөлдөөгө активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум ачык жана заманбап шайлоо технологияларын пайдалануу менен тийиштүү уюшкандык деңгээлде өттү, мында бардык саясий күчтөр үчүн бирдиктүү шарттар түзүлдү.

«Бул заманбап шайлоо технологияларын пайдалануу менен өлкөдө өткөрүлүп жаткан экинчи шайлоо процесси болду.  Киргизилген модель жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүндүк берди. Эң негизигиси – биз элдин шайлоолорго болгон ишенимин кайтара алдык. Кыргызстандын эли өлкө келечегине, мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына жана анын келечек өнүгүүсүнө канчалык реалдуу таасир тийгизип жаткандыгын аңдап сезет», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

КМШ Парламент аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын башчысы Эдуард Шармазанов кыргызстандыктарды жана өлкө жетекчилигин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана референдумдун ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктап, жалпы саясий партиялар үчүн бирдей мүмкүндүктөр түзүлгөндүгүн белгиледи.

«Айрым техникалык мүчүлүштүктөргө карабастан, жалпысынан шайлоо процесси жогорку саясий деңгээлде жана уюшкандыкта өттү. Шайлоо процессин байкоонун жүрүшүндө биз белгилегендей, кыргызстандыктар өлкө жетекчилиги тандаган багытка ишеним артышат. Бул туурасында референдум жыйынтыгы да тастыктап турат. Кыргызстан демократияны өнүктүрүүгө чоң кадам таштады», - деди Эдуард Шармазанов.

КМШ Парламент аралык ассамблеясынын өкүлдөрү тараптан белгиленгендей, Кыргызстан шайлоо процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну ийгиликтүү ишке ашырууда.

Жыйынтыгында Эдуард Шармазанов өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү үчүн натыйжалуу аянтча эсептелген ЖККУ жана ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкты улантууга жана өнүктүрүүгө басым жасады.

[su_carousel source="media: 86651,86652,86653,86654,86655"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү