15

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ирандын Кыргызстандагы Элчиси Али Моджтаба Рузбахани менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбаханини анын дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси боюнча пикир алмашуу орун алды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Али Рузбаханини Ирандын Кыргызстандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ал эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жана чыңдалышына тийиштүү күч-аракетин жумшаарына ишеним билдирди.

«2015-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Иранга расмий сапары орун алган. Бул Кыргызстан Президентинин Иранга 12 жыл аралыгында жасаган алгачкы сапары болуп саналат, мунун өзү кыргыз-иран мамилелериндеги тарыхый окуяга айланып, эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берет. Биз 2015-жылдын күзүндө Кыргызстан Президентинин Иранга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырылышына кызыкдарбыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстанда Иран Президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга белгиленген расмий сапарын күтүүдө.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз тарап соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана транспорттук коммуникация, кайра иштетүү өнөр-жайы, айыл чарба, энергетика, илим жана жеңил өнөр-жайы тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр.

Иран элчиси Али Рузбахани Өкмөт башчыны өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, анын натыйжалары өлкөнүн келечек өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.

«Мен Кыргызстандагы элчилик кызматымды баштагандан тарта өзүмдү өзгө мамлекетте жүргөндөй сезген жокмун. Сиздердин жаратылышыңыздар мыкты жана элиңиздер меймандос», - деп белгиледи Али Рузбахани.

Иран элчиси белгилегендей, өлкөлөр ортосунда пайдаланылбаган соода мүмкүнчүлүктөрү бар, аларды колдон келишинче кеңейтүү зарыл.

Ошондой эле ал белгилегендей, байыртан Кыргызстан жана Иран ортосунда достук мамиле орун алып келген, бул эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө негиз болуп калат.

Жыйынтыгында элчи Али Рузбахани Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Иран Вице-президенти Эсхак Джахангиринин Иранга расмий сапары менен келүүсү үчүн чакыруусун тапшырды.

[su_carousel source="media: 86733,86734,86735"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү