17

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы БУУӨП Туруктуу өкүлү Александр Аванесов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды.

Жолугушунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана БУУӨП кызматташтыгынын келечеги жана жыйынтыктары талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бардык программалар улуттук артыкчылыктарга, тактап айтканда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына дал келет. Өз кезегинде Кыргызстанда БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана демилгелер оңдуу жыйынтыктарды берип, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда.

«Бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Өкмөтүнүн БУУӨП менен үзгүлтүксүз байланыштарын колдоо жаатында маанилүү болуп саналат жана кызматташунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга шарт түзөт. Өкмөт ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири – аймактарды өнүктүрүү, аймактык өнүгүү түйүндөрүн түзүү болуп саналат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле ал ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо боюнча БУУӨП долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө сиздер тараптан Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин киргизүү, анын ичинде 2017-жылкы президенттик шайлоолорду өткөрүүгө даярдык алкагында биометрикалык ID карточкаларды чыгаруу боюнча иш жүргүзүлүүдө», - деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы Кыргызстанда ачык-айкын парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн БУУӨПкө ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү Александр Аванесов Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлор өлкөнү өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталгандыгын билдирди.

«Жакынкы жылдардагы долбоорлорду иштеп чыгууда өзгөчө көңүл экономиканын белгилүү тамактарынын ишин активдештирүү максатында аймактарды, кичи бизнести, дыйкан чарбаларын колдоого бурулат. Ошондой эле улуттар аралык ынтымакты сактоого багытталган милдеттердин аткарылышын тездетүүгө багытталган. Укуктук адилеттикке жана мыйзам үстөмдүгүнө жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча көптөгөн иштер аткарылат», - деп белгиледи Александр Аванесов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү