07

Март

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта, 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту.

Сооронбай Жээнбеков Казахстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен учурашып, Кыргызстан бул жылы Бишкек шаарында мамлекет башчыларынын катышуусунда ЕАЭБ Жогорку экономикалык кеңешинин жыйынын өткөрө турганын билдирди.

Өкмөт башчысы 2017-жылы Кыргызстан менен Казакстандын дипломатиялык мамилесинин түптөлгөнүнө 25 жыл болгондугун баса белгиледи.

«Ошондой эле биздин мамлекеттер ортосунда түбөлүк достук келишимине 20 жыл болду. Бул  юбилейлик даталардын алкагында жогорку деңгээлде бир катар маанилүү иш чараларды өткөрүү пландалууда. Мен ишенем, алардын бардыгы жакшы өтөт», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ал ЕАЭБ алкагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулар дайыма өтүп турарын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө эки тараптуу алаканы чындоодо соода-экономикалык кызматташууну, транспорттук-логистикалык жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо маанилүү болуп саналат», — деди Бакытжан Сагинтаев.

Эскерте кетсек, эртең, 2017-жылдын 7-мартында, Бишкек шаарында Кыргыз Республкиасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалынынын алдында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйын тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда болот.

Евразия экономикалык кеңешинн кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлуп, жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасалат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү