28
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форумунун президенти Клаус Шваб менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, Тяньцзинь (КНР) шаарында «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышуу алкагында аталган форумдун профессору Клаус Шваб менен жолугушту.
«Мен үчүн сиздин «Жайкы Давос-2016» форумуна катышууңуз чоң сыймык. Сиздин форумга катышууӊуз Кыргызстан менен Форумдун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдээрине ишеним билдирем», - деди Клаус Шваб. Ал Кыргыз Республикасы менен Форум ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкка даяр экенин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Клаус Швабга форумга катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, «Жайкы Давос» - бул өлкө үчүн өзү тууралуу маалымат жарыялоосу үчүн гана эмес, жаӊы келечектүү байланыштарды бекемдөөгө жана экономикалык жаӊы талаптар менен таанышууга жол ачаарын баса белгиледи.
Премьер-министр кыскача Кыргызстандагы абалга токтолуп, өлкө өнүгүүнүн жөнөкөй эмес жолун басып өтүп, 2010-жылы парламенттик башкаруу тутумун тандап, өзүнүн стратегиялык өнүгүү багытын аныктагандыгын билдирди.
«Кыргызстан бекем демократиялык принциптерди карманат. Өлкөдө парламенттик башкаруу системасынын шартында эки жолу парламенттик шайлоо өтүп, шайлоого көз салып турган эл аралык уюмдардын жана байкоочулардын жогорку баасына татыган», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ага жооп кылып «Жайкы Давос-2106» Дүйнөлүк экономикалык формунун президенти Клаус Шваб Кыргызстандагы окуяларга дайыма байкоо салып турганын билдирди.
«Кыргызстандагы демократиялык жетишкендикке жогору баа берем. Силердин мамлекет өтө чоӊ эмес болгону менен, жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аркылуу көпчүлүк багыттар боюнча лидерлик позицияга ээ боло алат»,- деген оюн билдирди Дүйнөлүк экономикалык форумдун президенти.
Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын экспорттук мүмкүндүгү жана экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатында өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу орун алды. Тактап айтканда, дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн темир жолдор тармагын өркүндөтүү зарылдыгы тууралуу кеп жүрдү. Бул жаатта Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, Кыргызстан КЭР-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда ири эл аралык темир жол түйүнүнүн катышуучусу болот.
Жолугушуунун соңунда «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форумунун негиздөөчүсү жана президенти Клаус Шваб Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековду Швейцарияга келип кетүүгө чакырды.
Белгилесек, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон, курамына Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Кытай Элдик Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Канайым Бактыгулова, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдор кирген Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы үстүбүздөгү жылдын 27-28-июнунда Тяньцзинь шаарында өткөн «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форумунун жыйынына катышты. Сапар алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Тяньцзинь шаарынын мэри Хуан Сингуо менен жолугушту.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү