17
Март
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен жолукту. Эскерүү иш чарасы трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Өкмөт башчысы Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында терең так калтырганын, ошондуктан 17-мартта курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын баса белгиледи.
Жолугушууга келгендер Премьер-министрден социалдык маселелерди чечип берүүгө көмөк көрсөтүүнү, тактап айтканда, жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү сурап кайрылышты. Ошондой эле алар кышкы сезондо альтернативдик отун менен камсыз кылуу маселесин көтөрүштү.
Сооронбай Жээнбеков көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү деңгээлде чечилээрин айтып, буга байланыштуу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына маселени чечүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы медициналык жардамга байланыштуу маселе тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине тапшырма берди.
Андан ары Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кербен шаарында жаңы бала бакчанын жана спорт залдын пайдубалын түптөө иш чарасына катышты. Ал билим берүү тармагы өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында приоритеттүү багыттардын бири экенин кошумчалап, мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 91587,91588,91589,91590,91591,91592,91593,91595,91596,91597,91598,91599,91600,91601,91602,91603" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү