04
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Боинг-747» учагынын кыйроосунда жабыркагандарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, 2016-жылдын 16-январындагы 39 адамдын өмүрүн алган, алардын ичинде 17си балдар болгон «Боинг-747» учагынын кыйроосунда жабыркагандарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар менен жолукту.
Суроо-жооп иретинде өткөн жолугушуу, кырсыктан курман болгондорду эскерип, бир мүнөттүк тыныгуу менен башталды.
«Бул биздин элибиздин жүрөгүн жаралаган кайгылуу окуя болду. Бул кырсыктан кийин республикабыздын бардык аймагынын элдери бирикти. Бир да киши бул ишке кайдыгер болуп калган жок», - деди Өкмөт башчы.
Сооронбай Жээнбеков жабыркагандарга жардам берип, убагында кийим-кечектер, керектүү азыктар менен камсыз кылып, биринчи жардам көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын баса белгиледи. Аны менен катар өлкөнүн бардык аймагында каражат чогултуу иштери уюштурулгандыгын да кошумчалады.
«Мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерге жана кайдыгер калбаган жарандардын баарына, активисттерге, ушул кырсыктын алгачкы сааттарында, биринчи күндөрүндө, андан кийинки алгачкы аптада кыйын болуп турган мезгилде колдон келгендин баарын жасап, кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдирем», - деди Премьер-министр.
Ал өз ара жардамдашуу жана ынтымак – биздин элибиздин канындагы жакшы сапат. Элибизде илгертеден бери келаткан «Ашар» деген салтыбыз азыркы тил менен айтканда волонтёрдук,- деп аталарын кошумчалады.
«Кийинки жылдарда волонтердук кыймылга катышкан адамдардын саны бир топ көбөйдү. Мен волонтерлордун бул кырсыкка гана эмес, башка иштерде да жардамдашууга көп көңүл бурушарын билем. Ооруган адамдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, кары-картаңдарга жардамдашуу менен сиздер элибиздин ынтымагын бекемдеп жатасыздар. Сиздердин чакырыкка кошулган ар бир адам –мамлекетибизди өнүктүрүү ишине кошулуп жаткандардан болот. Мына ушул сиздердей болгон адамдар менен биздин коомубуз күчтүү болот», -деди Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчысы авиа кырсыктын себептерин аныктоо үчүн, Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн эскертти.
Мухамметкалый Абулгазиев комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берип, учурда кырсыктан жабыркап турак жайсыз калган 11 үй-бүлө бардык шарттары бар, убактылуу батирлерге көчүрүлгөндүгүн билдирди.
Ыктыярчылар жабыркагандардын мындан ары тагдыры жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу түрдүү суроолорун беришти. Алар мамлекеттик органдарга өз сунуштарын айтышты.
Алардын сыроолоруна Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев жооп берди. Премьер-министром жолугушуунун катышуучулары тарабынан берилген айрым маселелер тууралуу тиешелүү тараптарга тапшырма берди.
[su_carousel source="media: 89524,89525,89526,89527,89528,89529,89530,89531,89532,89533,89534,89535,89536,89537" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89138,89139,89140,89141,89142,89143,89144,89145,89146,89147,89148,89149"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү