14

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Газпром» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Газпром» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧК башкы директору Болот Абильдаев менен жолукту.

Жолугушууда «Газпром Кыргызстан» ЖЧК ушул жылга  өлкөнү газификациялоо  инвестициялык программасынын ишке ашырылышы тууралуу талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканын отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыттардын бири болуп саналарын билдирди.

«Газпром» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов негизги ишмердүүлүгү менен катар компания өлкөдө спорт жана билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Ал Кыргызстанда долбоордун алкагында бир катар социалдык жана спорттук объекттер курулганын кошумчалады.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧК башкы директору Болот Абильдаев 2016-жылы компания тарабынан «Бухара газ өткөрүү району – Ташкент – Бишкек - Алматы»  магистралдык линиясы жана «Бухара газ өткөрүү району – Ташкент – Бишкек - Алматы» оңдоо башталганын билдирди. Башталган ишти аягына чыгаруу жана ишке берүү 2017-жылга пландалып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары 2016-жылы Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун аймагындагы жаңы конуштарды толук түрдө газ менен камсыз кылуу долбоору башталганын да айтып өттү. 10 жаңы конуштагы жалпы узундугу 47 чакырым болгон иштер аяктады. Жакын арада компаниянын 2017-жылга инвестициялык программасы бекитилет.

Ал 2017-жылдын 1-январынан 1-мартына чейин Кыргызстанда жалпы жаратылыш газын колдонуу 79,9 млн.м3 жеткенин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Виталий Маркеловго ыраазычылык билдирип, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында газ менен камсыз кылуу Башкы схемасынын алкагында мындан аркы аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Премьер-министр Өкмөт өлкөнүн бардык аймактарын газ менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзгөнүн, эски газ системаларын жаңылоого чоң пландын негизинде иш алып барып жатканын кошумчалады.

 [su_carousel source="media: 92885,92886,92887,92888" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү