28

Июль

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414  «Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө» токтому Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 1-июнундагы № 304 буйругуна ылайык түзүлгөн Өкмөт карамагындагы министрлик, административдик ведомстволордун жана башка уюмдардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Жумушчу топтун Иш планын аткаруу иретинде даярдалган.

Көрсөтүлгөн токтом аркылуу 2017-жылдын аягына чейин төмөнкүлөргө мораторий белгиленген:

- иштеп жаткан министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын штаттык санынын чегин көбөйтүүгө;

- жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын кошумча кызмат орундарын киргизүүгө.

Ушул токтомдун 1-пунктунун таасири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөрүнө жайылтылбайт. Мындан тышкары башка конституциялык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы органдарга жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын штаттык санын катары менен он эки айдан ашык бош турган кызмат орундардын санын белгиленген тартипте кыскартууну демилгелөө укугу берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечиминин кабыл алынышы бюджеттик ресурстардын чектелген шартында мамлекеттик органдардын штаттык санын оптимизациялоого, аны рационалдуу бөлүштүрүүгө, учурдагы мыйзамдарга ылайык бош орундарды өз убагында толтурууга багытталган, натыйжада, министрлик жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик бюджеттин каражатын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлөт.

Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторийдин киргизилиши – мамлекеттик аппараттын штаттык санын оптимизациялоо, анын мындан аркы өсүүсүнө жана аны камсыздоого кеткен чыгымдардын жогорулашына жол бербөө жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагындагы Өкмөттүн алгачкы кадамы.

Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү