29
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков курман болгон Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүнүн натыйжасында курман болгон Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө 50 миң сом көлөмүндөгү материалдык жардам бөлдү.
Ошондой эле Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жер көчкү коркунучу сакталган аймактардан тургундарды көчүрүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү