28
Май
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сел кырсыгы орун алган Кадамжай районуна жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бүгүн, 28-майда, үстүбүздөгү жылдын 27-майында сел кырсыгы орун алган Баткен облусунун Кадамжай районуна жөнөп кетти.
Өкмөт башчы сел кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштеринин жүрүшү менен таанышат, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
Жаратылыш кырсыгынан курман болгондордун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү