25

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Италиянын Премьер-министри Маттео Ренциге адам курмандыктары менен коштолгон жер силкинүүгө байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Италия Республикасынын Премьер-министри Маттео Ренциге 2016-жылдын 23 нөн 24-августка караган түнү орун алган адам курмандыктары менен коштолгон жер силкинүүгө байланыштуу көңүл айтты. «Италиянын борбордук бөлүгүндө 2016-жылдын 23 нөн 24-августка караган түнү орун алган жер силкинүүнүн натыйжасында көптөгөн адам өмүрүн алган кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө көңүл айтуубузду жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүнө тилектеш экенибизди билдирип коюуңузду өтүнөбүз”, - деп айтылат көңүл айтуу катында.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү