14
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Италиянын Премьер-министри Маттео Ренциге темир жолдогу адам өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Италия Республикасынын Премьер-министри Маттео Ренциге Италиянын түштүк аймагында орун алган темир жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
«Италиянын түштүк аймагындагы көп сандаган адам курмандыгы менен коштолгон темир жол кырсыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектешмин», - деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү