09
Август
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Премьер-министри Наваз Шарифке Кветта шаарындагы террористтик актыга байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Миан Мухаммад Наваз Шарифке 2016-жылдын 8-августунда көптөгөн адамдардын өмүрүн алган, Кветта шаарындагы ооруканада болгон террористтик актыга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«2016-жылдын 8-августунда көптөгөн адамдардын өмүрүн алган, Кветта шаарындагы ооруканада болгон террористтик актыга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Өкүнүчтүүсү күнөөсүз жарандар террордун курмандыгы болушту. Курман болгондордун туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын жакындарына тезирээк айыгып кетүүсүн билдиргенимди жеткирүүңүздү суранам», - деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү