30
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырымга Стамбул шаарындагы кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Премьер-министри Бинали Йылдырымга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда Стамбул шаарынын «Ата-Түрк» эл аралык аэропортунда болгон теракттын натыйжасында көп сандаган курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Биз терроризмге жана экстремизмге каршы аеосуз күрөштү күчөтүү боюнча дүйнөлүк жана аймактык күчтөр менен биргебиз жана бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү түрдө айыптоого алабыз.
Стамбул шаарынын «Ата-Түрк» эл аралык аэропортундагы адам курмандыктары менен коштолгон кайгылуу окуяга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ушул кайгылуу учурда биз бир тууган Түркия эли менен бирге орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз», - деп айтылат телеграммада.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү