15
Октябрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Таиланддын Премьер-министрине Таиланддын Королунун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Таиланд Королчулугунун Премьер-министри Прают Чан-Очага Таиланддын Королу Пхумипон Адульядеттин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, Король Пхумипон Адульядет өлкөнүн өнүгүүсүнө жана Таиланддын тургундарынын бакубатуулугун жогорулатууга чоң салым кошкон. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Таиланддын Королунун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуусун жана жылуу сөздөрүн билдирип коюуну өтүндү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү