28

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында курман болгон мекендештердин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссеси районундагы басмакананын кампасындагы өрттүн кесепетинен курман болгон кыргызстандыктардын  жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү