19

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Бизнестеги тоскоолдуктарды аныктоо багытында «Жөнгө салуунун системалык анализи» долбоору ишке кирди

«Кыргыз Республикасында Бизнестеги тоскоолдуктарды аныктоо багытында  «Жөнгө салуунун системалык анализи» долбоору ишке кирди», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын кароосуна киргизгенде билдирди.

«Жөнгө салуучу тутумдук талдоо" долбоорунун алкагында ишкердикти жөнгө салуучу 1068 ченемдик-укуктук актылар талдоого алынды. 2016-жылы 496 нормативдик документке жана 255 административдик процедурага сунуштар берилди. Бул сунуштардын баары мыйзамдардагы коллизияларды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды, коррупциялык схемаларды жок кылууга, ошондой эле айрым ченемдерди оптималдаштырууга багытталган. Бизнестеги башкы көйгөйлөрдүн бири финансы менен камсыз болушу эсептелет», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

 [su_carousel source="media: 93064,93085" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү