24

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Калктын ден-соолугу – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири

«Калктын ден-соолугу – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык ооруканынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышында.

Ноокат райондук администрация башчысы– акими Бекболот Айтиев маалымдагандай, аталган объектин курулушу 2014-жылы башталган.

Имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 1282 чарчы метрди түзөт, 50 орунга ылайыкталып, учурда бейтаптарды кабыл алууга толук даяр.

Өкмөт башчысы үстүбүздөгү жылы саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджеттен 14,5 млрд. сом бөлүнгөнүн, бул 2010-жылдагы көрсөткүчкө караганда 2,5 эсе көп каражат экенин  билдирди. Буга карабай, Сооронбай Жээнбековдун айтымында аймактарда кадрдык саясаттын жетишсиздиги сыяктуу чечилбей келе жаткан маселелер аны менен катар, медициналык мекемелерди азыркы заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу сыяктуу көйгөйлөр бар экенин билдирди.

Буга байланыштуу Премьер-министр Өкмөт тарабынан калкты бирдей медициналык шарттар менен камсыздоого алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ушул жылы Ош облусунун жергиликтүү бюджетинин жана гранттык каражаттардын эсебинен 4 жаңы медициналык мекеме курулуп, дагы экөөнүн курулуш иштери жүрүп жатканын эскертти.

Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун берип, иш чаранын катышуучуларын келечекте мамлекет тарабынан медицинага өзгөчө көңүл буруларына ишендирди.

[su_carousel source="media: 87557,87558,87559,87560,87561,87562,87563,87564,87565,87566"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү