14
Октябрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков : Жусуп Баласагын өз мезгилинин бийик деңгээлдеги ойчулу болгон
« Жусуп Баласагын өз мезгилинин бийик деңгээлдеги ойчулу болгон. Анын калемине таандык «Куттуу билим» эмгеги канчалаган кылымдар өтсө дагы өз маанисин жоготпой келет. Акындын ошол кездеги айткан насааттары бүгүнкү күнү да актуалдуу эсептелет. Улуу ойчул акын бийлик өкүлдөрү эл кызыкчылыгын алдыга коюп, журттун бакубат турмушу үчүн адилеттикти жана чынчылдыкты туу тутуу менен кызмат кылуусун насаат калтырган», - деп белгиледи бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.
«Биздин ата-бабалар кылымдар бою кыргыз элинин адабий мурасы эсептелип, көчмөн турмушунун маңызын чагылдырган «Манас» эпосун, Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкари тарабынан жазылган кол жазмаларды муундан-муунга сактап, өткөрүп келген. Бул мурастардын дүйнө адабиятында өзүнүн татыктуу орду бар», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
«Баласагын шаары, Жусуп Баласагындын басып өткөн жолу жана анын он кылым мурда жазылган кайталангыс “Куттуу билим” эмгеги дүйнөлүк маданияттын баалуу табылгасы катары тарыхта калган. Учурда Бурана орун алган Баласагын шаары Улуу Жибек жолундагы маданий борбор катары гана таанылбастан, бийик дипломатиянын да борбору катары атагы алыска кеткен. Бул жер ар улуттун маданияты жуурулушкан борборго айланган. « Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” китеби бүгүн да ар бирибиздин колубузда бар. Миӊ жыл мурда жазылса дагы, акылга дыйкан, кеменгер жердешибиз Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасы – кийинки муундар үчүн дагы түгөнгүс байлык бойдон кала берет», - деп белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчы белгилегендей, түрк тилдүү мамлекеттердин «ТҮРКСОЙ» Эл аралык уюму 2016-жылды «Жусуп Баласагын жылы» деп жарыялады. Түркия, Казакстан, Азербайжан өңдүү түрк тилдүү мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында бир катар эл аралык, улуттук масштабдагы иш-чаралар, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп жатат. Түрк каганатынын тарыхы боюнча музей ачылды.
«Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгесине жараша тарыхыбызды, маданий мурастарыбызды ыйык тутуп, аны атадан балага, муундан муунга калтыруудагы иш-чаралардын улуттук жана эл аралык деңгээлде өтүп турушунун мааниси өтө зор», - деп жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Белгилесек, улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.
Иш-чара Чүй облусунун Чүй районундагы «Бурана» архитектуралык-археологиялык комплексинде өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү