09

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен эки өлкө кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Премьер-министри Кохир Расулзода менен кеңири жана тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу жүрүшүндө Темир Сариев, өз сапарын кыргыз-тажик кызматташтыгын кенейтүү жана бекемдөө жолундагы маанилүү кадамдардын бири деп атады.

«Биздин элдерибиздин достугунун тамыры тарыхта жатат. Эки эл бирдей жолду басып өтүп, бир тарыхый түркүккө байланган. Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен эки тарапка пайдалуу болгон бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга чоң маани берет»- деди Темир Сариев.

Өкмөт башчысы Тажикстан менен достук жана ак ниеттикке негизделген өнөктөштөштүктү өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

«Кыргызстан жана Тажикстан ар дайым эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө  маани берип келген жана маани берет. Биздин мамлекеттер үзгүлтүксүз жогорку деңгээлде саясий диалогду улантканы жана ар кыл деңгээлде байланышты күчөтүп жана сапарларды жасаганы кыргыз-тажик алакасынын өнүктүрүүгө өзгөчө дем берет»-деди Премьер-министр.

Ошондой эле өкмөт башчысы эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштын тереңдешине маани берип, бул кыргыз-тажик кызматташтыгынын бардык чөйрөсүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Темир Сариев буга далил катары ушул күндөрү Бишкекте Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрү өтүп жатканын атады.

«Бул окуя эки боордош элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын чыңдалып жатканын белгиси»-деди  Премьер-министр.

Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Темир Сариевдин расмий сапар менен келүүгө жана Душенбеде өтчү  «Cуу - жашоо үчүн» аттуу эл аралык конференцияга катышууга макулдук бергенине ыраазылык билдирди.

«Бул Кыргыз Республикасынын Тажикстан менен эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын айкын далили. Биздин мамлекеттерди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрө баштаган ар тараптуу алакалар бириктирет»-деди Кохир Расулзода.

Тажик Премьер-министри бул сапар кыргыз-тажик эки тараптуу мамилесинин өнүгүшүнө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Муну менен катар жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү жана чек арага жакын аймактардын жергиликтүү бийликтери тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле аймактык жана улуттук коопсуздук маселелери, соода-экономикалык жана транспорттук, суу-энергетикалык чөйрөдөгү кызматташтык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

[su_carousel source="media: 56980,56979,56978,56977,56976,56975,56974,56973,56972" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү