08
Сентябрь
Таиланддын Премьер-министри Прают Чан-о-ча Сапар Исаковду Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады
Таиланд Королдугунун Премьер-министри генерал Прают Чан-о-ча Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады.
«Мен ишенем, сиздин жетекчилигиңиздын алдында Таиланд менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз кызматташтык болот. 25 жылдан кийин биздин дипломатиялык мамилебиз өнүгүү жолуна түштү. Мен биргелишип иш алып барууну күтөм, биздин эки элдин алакаларын бардык тармактарда жакшыртууга толук мүмкүнчүлүктөр бар», — деп жазылат куттуктоодо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү