22
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев: «Биометрикалык маалыматтар базасы “өлүү жандарга” жөлөкпул жана пенсияларды төлөп берүүгө бөгөт коет
Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР Өкмөтүнө караштуу Антикоррупциялык кеңештин алгачкы кеңейтилген жыйынында белгилегендей, Кыргызстан мурдагы советтик мамлекеттер арасында парламенттик шайлоолорду жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде өткөрүүгө даярданып жаткан алгачкы республикалардын бири болуп саналат.
“Мындай жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу алдында биз иштин зор көлөмүн так билип турдук, бирок бул ачык-айкын, таза жана демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн жалгыз жол болуп саналат», — деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы маалымдагандай, буга катар биометрикалык маалыматтар базасынын түзүлүшү Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин түзүүнү жыйынтыктоого мүмкүндүк берет, ал өз кезегинде жарандарга кыска мөөнөт ичинде сапаттуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүү үчүн шарт түзөт.
Темир Сариев белгилегендей, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планы 18 мамлекеттик органда иштелип чыккан. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш-чаралардын жалпы саны 1158 түзөт, анын 627си, же 54% аткарылган, жарым-жартылай аткарылганы — 405 (39%), аткарылбаганы — 126 (11%) түзөт.
«Биз үчүн маанилүү саналганы, биз акыры социалдык багыттагы Социалдык фонд, Социалдык өнүктүрүү министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардын маалымат базасын тазалоого жетишебиз. Балким, буларда “өлүү жандарга” жөлөкпул, пенсия берүү боюнча чоң суммадагы чыгым орун алып жаткандыр. Эми биометрикалык маалыматтардын көмөгү аркылуу биз каражаттарды ким алып жаткандыгы, же башка коррупциялык схема орун алып жаткандыгы тууралуу так маалыматка ээ болобуз», — деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү