11

Июнь

2015

Темир Сариев өрткө каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарындагы 3 жаштагы эгиз балдардын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Бул сыяктуу кайгылуу окуяларды кайталанбашы үчүн Премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  органдары менен биргеликте өрт коопсуздугун сактоо жана алдын-алуу  боюнча иш- чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле өрт чыкчу каражат жана жабдыктарды колдонуу эрежелери тууралуу калкка маалымат берүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар Темир Сариев бул сыяктуу окуяларды кайталанбашы үчүн ата- энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  

маалыматтык камсыздоо бөлүмү