14

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы борбордук стадионду реконструкциялоо боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо боюнча жыйын өттү. Анда Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана Спорт агенттиги, Кыргызстандын Футбол Федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитети биргеликте даярдаган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо планы талкууланды.

Премьер-министр Темир Сариев аталган стадионду тезинен оңдоо зарылдыгын билдирип, 16-июндагы Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча курама командаларынын ортосундагы беттеште жаралган кырдаал муну далилдегенин белгиледи.

“Акыркы оюндар бул тармактагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыкты. Бишкектеги стадион көпчүлүк стандарттарга  жооп бербей турганы белгилүү болду. Муну менен катар фтуболдук мелдешти уюштурууда Спорт агенттиги менен Футбол федерациясынын ортосунда байланыш болбой, көптөгөн кемчиликтерге жол берилген. Мындан соң өткөндөгүдөй кырдаал жаралбашы керек”-деди Темир Сариев.

Муну менен катар Өкмөт алдындагы Дене тарбия жана Спорт агенттигинин жаңыдан дайындалган директору Шейшенкул Бакировго агенттик өз саясатын түп-тамырынан бери карап чыгып, өзгөртүшү керектигин билдирди.

Жыйын жүрүшүндө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо планы талкууланды. Ага  ылайык, республикалык бюджеттен 8 миллион сомду бөлүнүп, бул каражатка стадиондун газонун алмаштырылып, коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн айланасындагы дубалдар жогорулатылмакчы. Муну менен катар күйөрмандардын агымын жөнгө салуу үчүн стадиондун кириш-чыгышына атайын турникеттерди жана видеокөзөмөл камераларын орнотуу каралган. Бул планды ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине керектүү каражатты бөлүп берүү жана Өкмөт алдындагы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен Бишкек шаардык мэриясына тапшырмалар берилди.

Муну менен катар Дене тарбия жана Спорт агенттиги, Кыргызстандын Футбол Федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион заманбап талаптарга жооп бербегендиктен Бишкек шаарынын айланасында жаңы стадион куруу зарылдыгын белгилешти. Аны ишке ашыруу үчүн 100 миллион доллар керектелерин жана ал ири спорттук комплекс болуп, спортту  бир нече түрүн менен машыгууга мүмкүндүк түзөрүн демилгечилер билдиришти. Муну менен 30 миллион долларга бааланган 25 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган футболдук стадион гана куруу боюнча экинчи планы да сунушталды.

Премьер-министр Темир Сариев жаңы стадион куруу маселенин орундуу экенин белгилеп,тиешелүү органдарга жаңы стадионду куруу боюнча атайын долбоор иштеп чыгууну тапшырды. [su_carousel source="media: 59384,59385,59386,59387,59388" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү