02

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Илим жетишкендиктери –атаандаштыкка жарактуу, ал эми анын жыйынтыгы суроо-талапка ээ болуусу кажет»

Бул туурасында бүгүн, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин төрагылыгы алдында өткөн Илим жана инновациялар боюнча кеңештин алгачкы отурумунда Өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Премьер-министр Темир Сариев аталган кеңеш  улуттук экономиканын өнүгүшүнө салым кошчу, илимдин маселелерин жана жетишкендиктерин талкуулоочу эффективдүү аянтчага айланат деген ишенимин билдирди.

«Илим – бул адамзаттын жана коомдун жашоосунда негизги тармактардын бири. Илим жана технология жакшы өнүккөн өлкөлөр бүгүнкү күндө эң кубаттуу жана өнүккөн өлкөлөр болуп жатканы талашсыз. Буга Япония, Түштүк Корея, Кытай, АКШ, Европа мамлекеттери мисал боло алат. Ошондуктан, өлкөбүздөгү илимдин абалына жана өнүгүү перспективаларына саресеп салып, өндүрүш менен айкалыштырып, багыттарын аныктоочу мезгил келип жетти», - деп билдирди Премьер-министр Темир Сариев.

Буга байланыштуу Темир Сариев Билим берүү жана илим министрлигинин  алдында Илим департаменти жана Премьер-министрдин алдында Илим жана инновациялар боюнча кеңеш түзүлгөнүн, анын алкагында илим тармагын реалдуу түрдө реформалоо иштери ишке ашыруу каралаарын кошумчалады.

Премьер-министр өлкөнүн  өнүгүү деңгээли илимдин өнөр жай менен эффективдүү интеграциясынан көз каранды экенин белгилеп өттү.

«Өлкөдөгү илим тармагындагы абалды жакшыртуу, аны жандандыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуубуз зарыл. Бүгүнкү күндө  илимдеги абал экономиканын талаптарын канааттандырбайт. Илимий мекемелердин эффективдүүлүгү төмөн.  Ошондуктан, өлкө Президенти илим тармагында реалдуу реформа жүргүзүү боюнча тапшырма койгон. Коюлган тапшырманын негизги идеясы — илим тармагы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуусу керек», - деди Темир Сариев

Темир Сариевдин айтымында, окумуштуулар жана илимий мекемелер өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык милдеттерди чечүү жана аткаруу процессине тартылышы кажет. «Илим жетишкендиктери – аттандаштыкка жарактуу, ал эми анын жыйынтыгы суроо-талапка ээ болуусу кажет. Илим тармагынын өнүгүүсүнө тоскоолдук катары илим багытына ИДПнын төмөнкү үлүшү жумшалуусун аташат. Орточо алганда дүйнө боюнча илим багытына ИДПнын 1,74% жумшалат, бирок көптөгөн мамлекеттерде илимий изилдөөлөр жеке компаниялар тараптан каржыланат», - деди Өкмөт башчы.

Ошол эле учурда Темир Сариев жакынкы аралыкта илимди өнүктүрүү үчүн төмөнкүдй чараларды көрүү зарылдыгын атады. Алгач илимий мекемелер менен мамлекеттин ортосундагы өз-ара мамилелерди принципиалдуу түрдө өзгөртүү зарыл.

“Илимпоздор мамлекетке керектүү натыйжага жетишүү үчүн конкреттүү тапшырма менен иштеш керек. Мамлекеттик заказ системасын кайра киргизүү зарыл. Экинчиден, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зарыл болгон келечектүү багыттарды гана каржылоо керек. Натыйжада мамлекет үчүн керектүү илимий изилдөөлөр үчүн финансылык жана башка ресурстарды топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үчүнчүдөн, мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүктү өрчүтүү зарыл. Анын негизинде илим тармагында ачылыштарды жасоого болот. Бирок, бизнес өзүнө пайдалуу инновацияларды гана колдойт. Андыктан мамлекет менен бизнес чөйрөсүнүн кызматташтыгын камсыз кылган багыттарды аныктоо зарыл”, - деди Темир Сариев.

Муну менен катар Темир Сариев илим тармагында республикалык бюджеттен каржыланган долбоорлорду аныктоодо ачык-айкын конкурсттук тандоо зарылдыгын билдирди.  Премьер-министр илимий жааттагы изилдөөлөр өлкөнүн керектөөлөрүнө жараша болушу керектигин кошумчалады.

«Менин пикиримде, мында келечектүү багыттар так аныкталуусу тийиш: Кыргызстан окумуштуулары энергетикалык, маалыматтык технология, жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу, айыл-чарба тармагын жана адамдын жашоо сапатын жогорулатуу багыттарын атоодо. Келечек багыттарын тандоо жана аны негиздөө иштерин Илим жана инновациялар боюнча кеңеш аткаруусу тийиш. Мында ведомстволук, корпоративдик жана субъективдүү мамилелер четке кагылуусу керек. Өкмөт колдогу илимий, финансылык жана башка ресурстарды ушул багытта топтоого ниеттенүүдө», - деп маалымдады Өкмөт башчы.

Премьер-министр Темир Сариев жыйын соңунда белгилегендей, мамлекеттик органдар жана ведомстволор тараптан Өкмөт кароосуна киргизилип жаткан маанилүү мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү жана сунуштарды дайындоо процессине окумуштууларды жана илимий мекемелерди тартуунун алгылыктуу механизмдери иштелип чыгаарын кошумчалады.

[su_carousel source="media: 67678,67679,67680,67681,67682,67683,67684,67685,67686,67687,67688,67689,67690,67691,67692" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү