23

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда ишенимге негизделген кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүбүз зарыл»

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен Чолпон-Ата шаарында жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Премьер-министр Темир Сариев Мевлюд Чавушоглу менен Ысык-Көлдүн жээгинде жолугуп жатканына кубанычта экенин белгилеп, жыл өткөн сайын кеңейип жана бекемделип жаткан кыргыз-түрк кызматташтыгынын дагы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Темир Сариев көптөгөн адамдын өмүрүн алган Түркиянын Сүрүч шаарында террордук акттан улам көӊүл айтып, Кыргыз Республикасы мындай кылмыштарды кескин түрдө айыптаарын ачыкка чыгарды.

Жакында Кыргызстанда коопсуздук кызматтары тараптан террордук топтун мучөлөрү кармалганын билдирген Премьер-министр учурдагы кырдаал экстремизм, терроризмге каршы биргеликте чараларды күчөтүү зарыл экендигинен кабар берээрин белгиледи.

Премьер-министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда тереӊ ишенимге негизделген мамиле бар экенин белгилеп, аны мындан ары карай кеӊейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда абдан бекем алака, ишенимге негизделген кызматташтык бар. Муну бардык тармакта дагы бекемдеп, мамилебизди өнүктүрүү зарыл. Буга чейин эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылган элек. Учурда бул максатты ишке ашыра элекпиз. Жакынкы аралыкта кызматташтыкты күчөтүп, бул максатты ишке ашыруубуз керек», -деди Темир Сариев.

Жолугушуу жүрүшүндө Премьер-министр Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулуу жараяны боюнча маалымат берип, түркиялык ишкерлерди Кыргызстан аркылуу Орусия, Казакстан жана Беларустун базарына чыгууга жана биримдиктин алкагында ачылчу мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырды.

"Түркия ишкерлеринде 170 миллиондук рынокко чыгууга мыкты мүмкүндүгү бар. Биз сиздерди Кыргызстан аймагында фабрика жана заводдорду ачууга чакырабыз",- деп белгиледи Темир Сариев.

Ошондой эле түркиялык ишкерлерди Кыргызстанда энергетика, тоо кен тармагында инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде Мевлюд Чавушоглу Түркиянын өкмөтү Кыргызстан менен бардык тармакта кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү