09

Июнь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Кыргызстан суу-энергетикалык маселелерди талкуулоого дайым даяр”

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Темир Сариев Тажикстанга расмий сапарынын алкагында “Суу-жашоо үчүн” аталышындагы эл аралык долбоордун он жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги конференцияга  катышты. Темир Сариев аталган конференцияда сөз сүйлөп, суу-энергетикалык маселелер боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Өз сөзүндө Премьер-министр эң башкы табыгый ресурс болгон суу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейкуттукта өмүр сүрүүсүнүн эң негизги факторго айланганын белгилеп, Кыргызстан жана суу  жана энергетиканы айыргыс ресурс катары эсептерине ачыкка чыгарды.

“Кыргыз Республикасы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өз аймагында ГЭС куруу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырууда. Биз мурдатан айтып келгендей, Камбарата ГЭСинин курулушу Токтогул суу сактагычынын иштөө режимин энергетикалыктан иррагациялык мүнөзгө өзгөртөт. Камбарата ГЭСинде суу сактагычтын курулушу суу ресурстарын тең салмактуу колдонууга жана төмөнкү агымдагы өлкөлөрдө сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатат. Бул өз кезегинде бүтүндөй региондун туруктуу өнүгүшүнө салым кошот”-деди Темир Сариев.

Ошондуктан, бул долбоордун ишке ашышына төмөнкү агымда турган өлкөлөр кызыкдар болушу зарыл экенин Премьер-министр кошумчалады.

Ошондой эле Темир Сариев эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан жана региондун энергетикалык инфракструктурасын өнүктүрө турган гидроэнергетикалык долбоорлорду колдойт деген ишенимин билдирди.

“Дал ушундай жол менен эл аралык өнөктөштөрүбүз региондун энергетикалык коопсуздугу жана кызматташтыгына өз салымын кошот эле. Муну менен катар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мындан аркы кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууда суу жана энергетика маселелери бир бүтүн катары каралышы керек”,-деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы.

Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө суу ресурстарынын чектелүү запасы эртеби-кечпи суунун экономикалык баалуулугун арттырып жатканын Темир Сариев белгиледи.

“Сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү үчүн тиешелүү негизде төлөнүшү зарыл. Бул маселе өлкөлөрдүн ички суу саясатын жана суу ресурстарын бөлүшкөн бир нече өлкөнүн мамилелеринде курч турат. Тилекке каршы, колдонулуп келген аймактагы бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде суу ресурстарын топтогон өлкөлөрдүн кызыкчылыгына төп келбейт. Сууну бирдей эмес пайдалануу, энергетикалык жана ирригациялык эки ача кызыкчылыктар карма-каршылыктарды көбөйтөт. Суунун башында турган Кыргызстан менен Тажикстан сууну чогултуп жана сактап берген үчүн тиешелүү акысын ала албайт жатат”-деп билдирди Премьер-министр.

Ошондой эле 1992-жылы кабыл алынган БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын тран чек аралык суулар боюнча конвенциясы жана БУУнун 1997-жылы кабыл алынган Конвенциясы ашкере саясатташтырылып жатканына Темир Сариев көңүл бурду.

Буга мисал катары Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кол койгон Сырдарыя бассейиндеги суу-энергетикалык колдонуу боюнча келишимди атады.

Кыргызстандын Токтогул суу сактагычындагы сууну кышкы мезгилде коңшу өлкөлөрдүн ирригациялык муктаждыктарын камсыздоо үчүн сууну агызганын, бирок Кыргыз Республикасы жогорудагы келишимде көрсөтүлгөн компенсациясын жетиштүү деңгээлде албай келгенин Темир Сариев белгиледи.

Бул жааттагы маселелерди жөнгө салуу үчүн Борбор Азия мамлекеттери үзгүлтүксүз консултацияларды өткөрүп туруусу керектигин билдирип, мында эл аралык сүйлөшүү аянтчасы катары Бириккен Улуттар уюмунун ролу чоң экенин Премьер-министр билдирди.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып Темир Сариев Кыргыз Республикасы суу-энергетикалык маселелерди талкуулоого дайым даяр экенин баса белгиледи.

[su_carousel source="media: 57133,57132,57131,57130,57129,57128,57127,57126,57125,57124,57123,57122,57121,57120,57119,57118" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

[su_youtube url="https://youtu.be/txV7zUZvxm8" width="360" height="620"][su_youtube url="https://www.youtube.com/watch?v=V882vU8kL5s" width="360" height="620"][/su_youtube]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү