15

Декабрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстан ШКУ өнүктүрүү банкы жана ШКУ өнүктүрүү фондунун ыкчам түзүлүп, ишке киргизилүүсүнө кызыкдар»

Бул туурасында бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чжэнчжоу (КЭР) шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев кытай тарапка ШКУ Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылууда ийгиликтүү иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Келерки жылы Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн 15 жылдыгын белгилейт жана аймакты туруктуу өнүктүрүүгө салмактуу салымын кошууда. Бирок, белгилеп кетүүчү нерсе, ШКУга мүчө-мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасына салынган зор мүмкүндүктөр ишке ашырылбай калууда. Долбоордук ишмердүүлүктү финансылык жактан колдоого алуу формасы ШКУ  өнүктүрүү банкы жана ШКУ  өнүктүрүү фондунун алкагында аныкталган, аталган институттар тууралуу биз узак мезгилден бери кеп кылуудабыз»,- деп билдирди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан ШКУ  өнүктүрүү банкы жана ШКУ  өнүктүрүү фондунун ыкчам түзүлүп, ишке киргизилүүсү үчүн чыгууда.

«Бүгүнкү чечимдердин катарында коопсуздук органдары линиясы боюнча ыкчам маалыматтарды коргоонун жамааттык тутумун түзүүгө финансылык каражаттардын бөлүнүүсү болуусу тийиш. Муну биздин аймактык антитеррористтик түзүмдү күчтөндүрүүгө кошкон салым катары карасак болот. Биздин өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ишиндеги жагымдуу кадам катары 2016-2021-жылдарга ШКУга мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын өз-ара аракеттешүү программасына кол коюлуусу үчүн чыгуудабыз», - деп белгиледи.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу багытындагы кызматташууну өнүктүрүү аймактын бардык өлкөлөрү үчүн абдан маанилүү болуп саналат.  Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдардын жана жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана жоюу багытында ШКУ алкагында бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүүнү сунуштады.

«Биздин өлкө ШКУ Ишкерлер кеңешинин ишин жана бизнес-коомчулук кызматташуусунун келечектүү багыттары катары инновациялык технологиялардын энергиясынын жаңыланма булактарын пайдалануу боюнча долбоорлор тизмесинин түзүлүшүн колдоого алат. Убакыттын өтүшү менен ШКУ  Ишкерлер кеңеши жана ШКУ Банк аралык бирикмеси ортосундагы ишкерлик байланыштар, анын ичинде конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча байланыштар кеңейээрине ишеним билдирем», - деп жыйынтыктады Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, Кыргызстан ШКУга төргалык кылуу алкагында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тамактардагы натыйжалуу аймактык кызматташууга өзгөчө көңүл бурууга ниеттенүүдө.

Белгилесек, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өтөт. ШКУ Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуу расмий түрдө Кыргызстанга өттү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү